Ирактагы абактарда 80ден ашуун кыргыз бала бар

Ирактагы абактарда 80ден ашуун кыргыз бала бар. Мындай маалыматты эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп келе турган Ализа Солтонбекова билдирди. Ал учурда балдарды алып келүү боюнча иш жүрүп жатканын да айтты.

«Алты жашка чейинкилер апалары менен чогуу, андан улуулары өзүнчө кармалып турушат. Биз аларды өлкөгө кайтарып келүү боюнча Тышкы иштер министрлиги менен чогуу аракет кылып жатабыз. Министрлик ал балдарды алып келип, реабилитациядан өткөрүп, андан кийин туугандарына берет. Туугандары ал балдарды күтүп жатышат, бизге да «алып келип бергиле» деп көп кайрылышат», — деди Солтонбекова.