Депутаттар Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматын угушту. Маалымат менен тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев тааныштырып, аталган аймактагы кыргызстандыктарды алып келүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.
Алмаз Имангазиев белгилегендей, 4-мартта Жидда-Бишкек жана Жидда-Ош каттамдары боюнча эки репатриациялык авиакаттам ишке ашырылууда. Учурда эки учак тең жолдо. Алдын ала маалыматтар боюнча саат 16:00 чамасында Бишкек жана Ош шаарларына келет. Ал эми Иранда 100гө жакын кыргызстандык бар. Алардын ичинен 1 гана жаран эвакуациялоо өтүнүчү менен кайрылган жана ал Россия тараптын колдоосу менен эвакуацияланган.
Депутат Табылды Муратбеков Шарджа шаарында эки кыргызстандык бар экенин билдирди. Депутат Айсаракан Абдибаева Дубай шаарындагы мекендештерди Кыргызстанга кайтаруу маселесин көтөрдү. Тышкы иштер министринин орун басары жарандарды өлкөгө кайтаруу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын айтып, 4-5-март күндөрү Дубай шаарынан 360ка жакын кыргызстандыкты эвакуациялоо үчүн каттамдар уюштуруларын кошумчалады.