Ири мүйүздүү мал, жылкы, кой жана эчкини Кыргызстандан алып чыгууга тыюу салынды

Министрлер кабинети Айыл чарба жаныбарларын – ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизген токтом кабыл алды.

Мындай чечим, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды.

«Евразия экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы 0102 коду менен классификациялануучу ири мүйүздүү малды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0101 коду менен классификациялануучу жылкыларды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0104 коду менен классификациялануучу койлорду жана эчкилерди Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди. Буга — Кыргыз Республикасы аркылуу транзит; мелдештерге катышуу үчүн спорт жылкылары; чет мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга же айрым адамдарга белекке берилүүчү жылкылар кошулбайт»,— деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.