Исфанада топографиялык жумушчу топтордун кезектеги сүйлөшүүлөрү жүрдү

5-9-октябрда Исфана шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду. Тараптар топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусун Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өткөн.