Иш учурунда коронавирус жуктуруп алган 400дөй медициналык кызматкер компенсация алды

Иш учурунда коронавирус жуктуруп алган 400дөй медициналык кызматкер компенсация алды. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Индира Жумабаева маалымдады.

Анын айтымында, министрликтин комиссиясына 2 миң 350гө жакын арыз түшкөн. Ошондой эле компенсацияны коронавирустан каза болгон 29 медициналык кызматкердин жакындары алышкан.

Бирок пневмония болуп ооруган медициналык кызматкердин бирине да компенсация төлөнгөн эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди. Анын айтымында, компенсация өкмөттүн токтомунун негизинде берилет жана анда бир гана лабораториялык негизде коронавирус илдети аныкталгандар каралган. Документтин өзү май айында кабыл алынган, ал эми коронавирус менен пневмониянын статистикасы июль айында бириккен.