Исхак Масалиев: «Депутаттар каникулда 200 миң-300 миң сомдон алышат. Аны «отпускной» дейт»

Депутаттар чарчашып каникулга чыгып кетишти. Бир ай эл менен жолугат, бир ай эс алат. 200 миң сомдон 300 миң сомдон акча берилет. «Отпускной» дейт аны… Бул тууралуу экс-депутат Исхак Масалиев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Жогорку Кенеш… Керек болсо, айлык да албайбыз деген сөздөр эсиңерде барбы? Конституцияны кабыл алып, анан «жаңы шайлоо болот» деп мыйзам кабыл алышкан болчу, мөөнөтүн 2021-жылдын июнуна чейин узартышкан… Ал мыйзамдын аткарылышын ойлоп да койгон жок. Эми чарчашып, каникулга чыгып кетишти. Бир ай эл менен жолугат, бир ай эс алат. 200 миң сомдон, 300 миң сомдон акча берилет. «Отпускной» дейт аны…» — деп жазды ал.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары кечээ, 30-июнда жайкы эс алууга кетишти.