Исхак Масалиев: «Кайран элим, алданып эле жүрөт экенсиң! Бирөөнүн бийлиги үчүн өмүрлөрүнөн ажыраган балдарга таазим кылабыз»

«Кыргыздын «бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат» деген сөзү абдан туура. Кайран элим, алданып эле жүрөт экенсиң! Бирөөнүн бийлиги үчүн өмүрлөрүнөн ажыраган балдарга таазим кылабыз»,— деп экс-депутат Исхак Масалиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, чыныгы революция алдыда.

«Ыңкылап, революция, төңкөрүш… Кыргыздарда ушул сөздөрдүн мааниси бир окшойт. Тактап айтканда, максаты бир көрүнөт — бийликти басып алуу. Жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн. Өлкөбүздө төрт ушундай окуя болгон. Октябрь 1917, март 2005, апрель 2010 жана октябрь 2021… Жалгыз гана Улуу Октябрь социалисттик революция элибизге реалдуу жакшылыктарды көбүрөөк алып келди. Мамлекетибиздин түпкүсү пайда болду, өнүккөн өлкө курулду. Элдин көпчүлүгү татыктуу жашоого ээ болду. Калган «революциялар» бир гана бийлик алмашуу менен аякталды. Мурунку эле өнөрлөрү калды.

Кыргыздын улуу сөзү — «Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат» абдан туура. Кайран элим, алданып эле жүрөт экенсиң! Бирөөнүн бийлиги үчүн өмүрлөрүнөн ажыраган балдарга таазим кылабыз. Бирок ой пайда болот — зарылчылык болгонбу? Албетте, жок! Баатырлар аз эмес, бирок алардын аракеттеринен башка бирөө пайдаланды… Менин пикирим — чыныгы революция алдыда», — деп жазды ал.