Ишкер Жалил Атамбаев саясатчылардын жоон тобун уулунун тоюна чакырды

Ишкер Жалил Атамбаев уулун үйлөп, Ош шаарындагы ресторандардын биринде той берди. Айрым маалыматтарга караганда, тойго миңдей конок чакырылган. Социалдык тармактарга конок катары саясатчылардын жоон тобу барышкан сүрөт жана видеолор тарап кетти.

Депутаттар Азамат Арапбаев, Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Алтынбек Сулайманов,  Искендер Гаипкулов, Искендер Матраимов, Руслан Чойбеков, Нургазы Айдаров, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, экс-мэр Мелис Мырзакматов, Жазаларды аткаруу кызматынын мурдагы төрагасы Мелис Турганбаев, Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов жана башкалар тойго чакырылган.

Коноктор гана эмес, тойдо ойнотулган белектер да кызуу талкууланып жатат. Белектер турган катардан унааларды жана үй тиричилик техникаларын көрүүгө болот.