Ишкерлер менен «Дордой Дыйкан» базарынын сатуучулары Салык кодексине каршы митингге чыгышты

Бишкектеги Өкмөт үйүнүн имаратынын жанында ишкерлер митингге чыгышты. Алар кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы.

«Жаңы Салык кодексинин киргизилиши терс таасирин тийгизет деп кооптонуп жатабыз. Биринчиден, өндүрүш кымбаттайт, андан кийин бизнес өлүп баштайт. Биздеги товар жүгүртүүдөн каражат ала башташат. Бул кирешеден алда канча көп”, — дейт ишкер Эмил Ашымбаев.

Ошондой эле бүгүн “Дордой Дыйкан” базарынын сатуучулары да митингге чыгышууда. Алар да ККМге каршы. Соодагерлердин айтымында, кассалык аппараттар орнотулгандан кийин ишкерлер товарларынын баасын көтөрүүгө аргасыз болушат.