«Иштей албасам кетем». «Тазалык» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

«Тазалык» ишканасынын директору Азат Сагынов кызматынан бошотулду. Анын ордуна Султан Алыбаев директор болуп дайындалды. Бул тууралуу нааразычылык акциясына чыккан кызматкерлердин алдына барган вице-мэр билдирди.

Ошондой эле вице-мэр эс алуу күндөрү иштегендерге кошумча акча төлөп берүү караларын айтты. Ал эми жаңы директор УКМКнын мурдагы кызматкери экенин, учурда УКМКнын пенсионери экенин билдирди. «Силерге менеджер керек. Директор менеджер болушу керек. Иштешип көрөлү. Иштей албасам кетем»,— деди ал.