«Иштен бошотууга чейин». Бишкекте автобус жана троллейбуста акча алган айдоочуларга чара көрүлөт

Бишкекте жол кире акысын накталай кабыл алган автобус жана троллейбус айдоочуларына (иштен бошотууга чейин) катаал чаралар көрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Учурда жүргүнчүлөр жол кирени Тулпар транспорттук карталары, Виза, Элкарт банк карталары, ошондой эле «Mbank», «MegaPay», «Balance» мобилдик тиркемелери менен төлөй алышат. Эгерде валидатор автобуста же троллейбуста иштебесе, анда жүргүнчү бекер жүрүүгө укуктуу.

Айдоочулар жол кире үчүн накталай эмес төлөмдү кабыл албай жатканына күбө болгон жүргүнчүлөргө 0502 205-202 номуру аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз. Кайрылууда эреже бузуунун датасы жана убактысы, каттамдын номери, транспорт каражатынын мамлекеттик номери көрсөтүлүшү керек», — дешти.