«Иштесин же кетсин». Депутат «Тазалыктын» жетекчисине нааразы болду

Бүгүн, 13-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев «Тазалыктын» жетекчиси Рамиз Алиевге жолдордун кардан тазаланбаганын айтып, нааразы болду.

«Бишкек шаарындагы «Тазалыктын» жетекчиси «мен кыйраттым» деп эле интернеттен чыкпайт. Ал блогер болуп алыптыр. Кечээ кар жаап, шаардагы бир дагы көчөдөгү кар тазаланган жок. Канча киши жумушка кечигип барды?! Манас көчөсүнө эле туз себилиптир. Жаңы мэр анын ишмердүүлүгүн карасын. Иштесин же кетсин», — деди ал.