Исманкуловдун клиникасынын имаратында эмне ачылары айтылды

Бүгүн, 28-мартта Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы №2 клиникалык көп тармактуу ооруканага барып, бөлүмдөрдү кыдырып, Катар фонду каржылаган имараттын курулушу менен таанышты жана мурда Алмазбек Исманкуловдун көз микрохирургиясы клиникасы ээлеп турган оорукананын имаратын карап чыкты.

Оорукананы кыдырып чыгуунун жыйынтыгында жетекчилик жана кызматкерлер менен бирдикте неврология бөлүмүн бошогон имаратка көчүрүү жана бошогон имараттын керебеттеринин санын 80ге чейин кеңейтүү чечими кабыл алынды.

Министр оорукананын жетекчилигине жакынкы аралыкта керебеттерди ачуу боюнча тиешелүү иштерди уюштурууну, ошондой эле бошогон имараттын 3-кабатын оңдоо иштерине сметаны даярдоону тапшырды.