Испаниялык саякатчы сүйүүсү үчүн Кыргызстанда жашап калган (сүрөт)

Испаниялык Оскар Херреро эки жыл мурда Кыргызстанга келген. Анын бул жакта жашап калышына сүйүү себепкер экенин «24.кг» сайты жазды. Оскар Херреро дилгир саякатчы болгон жана Кыргызстан жер кезип келген 83-өлкө болуп эсептелет.

“Мен бул жактан бир нече жолу кетип, кайра Ооганстандан кайтып келдим. Баары жубайыма байланыштуу. Менин бул жакта калышымдын эң башкы себеби десем болот. Учурда биздин бул жакта чакан бизнесибиз бар, андан сырткары курстарда сабак берип мугалим болуп иштейм», — дейт ал.