Кечээ, 2-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов иттердин тиштегенинен улам көптөгөн жаракаттарды алган бала жаткан Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барды.
2020-жылы туулган бейтап 1-апрелде төмөнкү диагноз менен жеткирилген: баш мээсинин орточо даражадагы жабыркашы, баш терисиндеги дефект менен коштолгон тиштелген чоң жаракаттар, тулку боюндагы жана буту-колдорундагы көптөгөн тиштелген жарааттар, травмалык шок.
Ооруканага түшкөн учурдан тартып бала дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө. Профилдик адистердин, анын ичинде кан тамыр хирургдарынын катышуусунда бир нече консилиум өткөрүлгөн. Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө, абалы туруктуу деп бааланууда.
Министр бала толук айыкканга чейин ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүлөрүн баса белгилеп, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ыкчам аракеттери жана баланы медициналык мекемеге өз убагында жеткиргени үчүн ыраазычылык билдирди.
Калыс-Ордодо 6 жашар баланы иттердин талаган окуясы боюнча Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы төмөндөгүдөй маалымат тараткан.
«1-апрелде саат 17:37 чамасында Калыс-Ордо-2 конушунда 5 жаштагы балага иттер кол салганы тууралуу маалымат түшкөн. Жергиликтүү тургундардан алынган маалыматка ылайык, 6 жаштагы жабырлануучу аталган конушта жашайт. Милиция кызматкерлери кол салган иттердин ээсин аныктап, иттер атып жок кылынган. Окуя Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБинин ЖУИне катталып, сотко чейинки текшерүү иштери башталган.
1-апрель күнү Советская-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөп жаткан милиция капитаны Тимурлан Кулназаровго шаар тургундары иттердин кол салуусунан жабыркаган баланы тез арада жеткирүүгө жардам сурап кайрылышкан. Кызматкер жабырлануучуну коштоп жүргөн адамдар менен кошо кызматтык унаага салып, ыкчам түрдө медициналык мекемеге жеткирген. Бала медициналык мекемеге жеткирилип, шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн нөөмөт дарыгерлерге өткөрүп берилген. Баланын абалы туруктуу», — деп жазылат милициянын маалыматында.