Сүйүнбек Акышов жана Наргиза Осмонкул кызы Бишкектин четинде бир бөлмөлүү үйдө 3 баласы менен турат. “Экөөбүз тең ден соолугубузга байланыштуу иштей албайбыз. Каражаттын жоктугунан бир жумада бир жолу ысык тамак ичсек, калган күндөрү сары чай менен курсак тойгузабыз” деген үй-бүлөнүн баяны видеодо.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0700 40 50 61 (МБанк)
«3 балам бар. Улуусу 12 жашта, андан кийинкиси 7 жашта, кичүүсү 2,5 жашта. 3 балам жана келинчегим менен батирде турабыз. Шартка байланыштуу жашообуз оор болуп жатат. Иштейин десем, алым жок. Бир күн иштесем, 2-3 күн жатып калам. Дарыланганга акча жок. Кээде туулган иттерди багабыз. Айла жок, кой баккандай багып, тазалап… Мен бир аз тамак таап келем, аны өзүбүз жейбиз. Ашканын итке беребиз», — деди ал.