IV жана V Көчмөндөр оюндары кайсыл өлкөлөрдө өтөөрү айтылды

Бүгүн,10-мартта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өлкөгө келген Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен кыргыз-түрк мамилелерине арналган илимий-практикалык конференция өткөрдү.  Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, конференцияда Кыргызстандын тышкы иштер министри IV жана V Көчмөндөр оюндары кайсыл өлкөлөрдө өтөрүн айткан.

“Бул жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда, ал эми кийинкиси Венгрияда өтөт”,-деди Казакбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген. Аны кесиптеши Казакбаевдин мурда өлкө президенти Садыр Жапаров кабыл алган.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү Кыргызстан демилгелеген. Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылы 9-14-сентябрда Чонпон-Ата шаарында өткөн. 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда экинчи жана үчүнчү оюндар өткөрүлгөн. Кийин оюндарды өткөрүү эстафетасын Түркия кабыл алган.