Иван Панфиловдун жаңыланган эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү

Бишкек шаарынын Иван Панфилов атындагы паркында Советтер Союзунун баатыры генерал-майор Иван Панфиловдун жаңыланган эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты.
Иш-чарага Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Орусиянын Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов, Куралдуу күчтөрүнүн Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын өздүк курамы жана шаар тургундары, коноктор катышты. Иш-чарада генерал-майор Иван Панфиловду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришип, Ардак кароол ротасынын 3 жолку залп менен ок атуусу болду. Ошондой эле эстеликке гүлчамбарлар коюлду. Иш-чара Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жана Улуттук гвардиянынын ардак кароол ротасынын саптык жүрүшү менен жыйынтыкталды.
1941-жылы 5-декабрда, тактап айтканда мындан туура 80 жыл мурун Улуу Ата-Мекендик согушта фашисттердин баскынчылыгына каршы Кызыл Армия негизги контр чабуулга өткөн.