Июль айында кыргызстандыктарды узакка созулган эс алуу күндөрү күтүп жатат. Муфтият Курман айттын датасын жарыялап, ал ишемби күнү, 9-июлга белгиленди.
Эмгек кодексине ылайык, майрам күн дем алыш күнгө туш келсе, кийинки дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат. Бирок беш күндүк иш графиги менен иштеген жарандарга гана. Ошентип, 11-июль, дүйшөмбү иш күн эмес.