Июнь айында 5 миңге чукул жаран пенсияга чыкты

Социалдык фонд тарабынан 2022-жылдын январь-июнь айларында 35 миң 930 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Анын ичинен ушул жылдын июнь айында 4 миң 898 жаранга пенсия чектелген. «Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 746 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди», — деп айтылат маалыматта.