Июнь айында Кыргызстанда бензин 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн

Июнь айында Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда бензин тобуна баа литрине 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн. Мындай божомолду Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. 

Алардын маалыматына караганда, мунай сатуучу компаниялар баанын өсүшүн алдын алуу жана күтүүсүз өзгөрүүлөрдөн качуу саясатын улантууну көздөп жатышат.