Июнга чейин өлкө боюнча азык-түлүк жарманкелери уюштурулат

Июнь айына чейин өлкөнүн бардык аймактарында азык-түлүк жарманкелери уюштурулат.
Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, ар бир район үчүн жарманке өткөрүү графиги бекитилип, жергиликтүү кызматкерлер анын аткарылышына жооптуу.

Жарманкелерде негизги азык-түлүк товарлары базар баасынан төмөн баада сатылууда.

Мекеме өлкөдө азык-түлүк боюнча тартыштык жок экенин белгиледи.