Измирде жер титирегенден 4 күндөн кийин наристени аман таап чыгышты

Керемет жомокто эле эмес, жашоодо да болуп турат. Измирде жер титирегенден 4 күндөн кийин, тагыраагы 91 саат өткөн соң, урандылардын арасынан наристени аман таап чыгышты.
Маалыматка ылайык, 4 жаштагы Айдан Гезгин аттуу кыз уранды алдынан куткарылган 107-адам болуп катталды. Наристени таап чыккан куткаруучулардын бири кыз батирлердин бириндеги кир жуугуч машинанын жанында тыгылып калгандыгын айткан.

«Алгач мен анын үнүн угуп, башка куткаруучуларга бул жөнүндө билдирдим. Кызга жеткенде колун шилтей алабы деп анын атын сурадым. Ал колун көтөрүп, булгалады» деген куткаруучу.
30-октябрда Түркиянын Измир шаарында 7 баллдык зилзала катталып, соңку маалыматтар боюнча 100дөн ашуун киши каза таап, миңден көп адам жаракат алган.