Жааган кардан улам «Сосновка» постунда чектөө киргизилди

Бүгүн, 19-октябрда саат 18:00дө Жайыл районунун «Сосновка» постунан оор жүк ташуучу унааларды кышкы дөңгөлөгү жана дөңгөлөккө байлануучу чынжыр болсо гана өткөрүлүп жатат.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы айдоочуларды Бишкек-Ош жолунда жүрүүдөн баш тартууну суранат.