Бишкекте эки өспүрүмдү унаа сүзүп кетти. Алардын абалы оор

иллюстрациялык сүрөт

Бишкекте Mazda үлгүсүндөгү автоунаа жөө адамдар өтүүчү жерден 17 жаштагы өспүрүм менен дагы бир 10 жаштагы кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Жол кырсыгы борбор калаанын Москва менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде, 6-апрель күнү саат болжол менен 21:40 чамасында болгон.

Маалыматка караганда, жабыркагандар оор абалда ооруканага жеткирилген. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен эмес. Автоунаасы айып короого токтотулганы маалым болду.