«Жабыркап калбаңыздар». Мирбек Атабеков кайрылуу жасады

Ырчы Мирбек Атабеков социалдык тармактагы баракчасында кайрылуу жасады. Ал анын атын жамынган алдамчылар болуп жатканын айтты.

«Мага жеке катка көп каттар келип жатат. Жарнамалар жүрүп жатыптыр, алдамчылар менин атымдан «мынча акча жөнөтсөң, мынча акча табасың» деп жатышыптыр. Аларга эч кандай тиешем жок. Бирөөсүнө да ишенбеңиздер. Жөн эле жерден жабыркап калбаңыздар. Укук коргоо органдарынын жумушу. Мен мындай нерселер кайталанбайт деп ишенем. Муну көзөмөлдөө татаал экен», — деди ал.