Жайдын биринчи күнүндө Бишкекте мээ кайнаткан ысык болуп, рекорд жаңыланды

2021-жылдын 1-июну метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы эң ысык күн болуп калды. Мындай маалыматтарды «Аба ырайы жана климат» сайты таратты.

Белгиленгендей, кечээ абанын максималдуу температурасы +35,5 градус болгон.

Бул демейдегиден +7,7 градуска жогору. Ошол эле учурда, эң суук 1-июнь 1979-жылы болуп, анда аба +5,3 градус гана жылуу болгон. Июнь айынын эң ысык күнү 2005-жылдын 23-күнү болуп, термометр +40,9 градуска чейин көтөрүлгөн. Июнь айынын орточо температурасы +22,9 градус болот.