Жайлоого жетелеген, кымызды сагындырган сүрөттөр… Зафер Динчерден керемет кадрлар

Фотограф Зафер Динчер соцтармактагы баракчалары аркылуу кезектеги керемет сүрөттөрдүн топтомун жарыялады. Интернет колдонуучулардын басымдуу бөлүгү баланын баёо көз-карашына, сүйкүмдүүлүгүнө эзилип бүтпөй жатса, дагы бир бөлүгү жайлоону, кымызды сагынганын жазып жатат. Фотограф кадрлар уюлдук телефондун камерасына тартылганын билдирип, топтомду «Тоонун баласы» деп атаган.