Жайылда балык уулоого чыгып дайынсыз жоголгон жаран изделип жатат

Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон жаранды издөөгө бүгүн, 25-майда саат 07:30да Жайыл райондук №22 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 8 куткаруучу, 1 дрон, 8 ИИМ кызматкери, туугандарынан 25, жалпы 41 адам тартылды.
19-май күнү саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол убактан бери издөө иштери улантылууда.