Жайылдагы аялдардын психоневрологиялык стационарын прокуратура текшерди

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун прокуратурасы тарабынан Кара-Балтада жайгашкан аялдардын психоневрологиялык стационары текшерилди. Журналисттерге берген маалыматы боюнча, бейтаптардын укуктары одоно бузулгандыгы аныкталган.

Жайыл райондук прокуратура тарабынан бул фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүү үчүн материалдар Жайыл РИИБге жиберилди.

25-октябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Жайылдагы аялдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, ал жердегилерге карата одоно мыйзам бузууларды аныкташканын билдирген. №1 корпуста 72 адам көзөмөлдө болсо, аларга 64 эле керебет даярдалган. «Эки аял жерде жатууга аргасыз, дагы алтоо эмереги, шарты жок, бош бөлмөгө киргизилген. Ажаткана жок, анын ордуна чакалар коюлган», — деп айтылат маалыматта.

Кызматкерлердин айтымында, бул бөлмө психикалык жактан артта калган адамдарды убактылуу жайгаштыруу үчүн «изолятор» катары колдонулган. «Бөлмөдөгү температуранын төмөндүгүнө карабастан, аялдар кийим-кече жана бут кийимсиз жатышкан. Бул алардын абалын ого бетер курчуткан», — деген басма сөз кызматы.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Жайыл социалдык стационардык мекемеси тууралуу маалыматы чыккандан кийин министр Жылдыз Полотова стационардык мекемеге комиссия жөнөткөнүн билдирген.