Жайында салкын, кышында жылуу. Бишкек мэриясы жаңы аялдаманын эскизи менен бөлүштү

Жайында салкын, кышында жылуу. Бишкек мэриясы жаңы аялдаманын эскизи менен бөлүштү.

Долбоорго ылайык аялдама жабык болот. Анда жайында салкындатуучу, кышында жылытуучу жабдык орнотулат. Аялдамада коомдук транспорттун декоративдик маршруту, жарнак тактасы, маалыматтык LED-экраны да болот.

Ошондой эле Биринчи май районунун администрациясы аялдамага «Коопсуз шаар» системасын орнотуп, бир нече метр радиуста болуп жаткан кыймылды камтыган панорамалык жана түнкү тартуу мүмкүнчүлүгү бар видеокөзөмөл камераларын коюуну пландаштырууда. Аялдамада Wi-Fi, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус, карта-схема, интерактивдүү сенсордук LCD мониторлор жайгаштырылат.