«Арстан Алай асынган абалда табылды». Жаза аткаруу кызматынан окуянын чоо-жайы

Арстан Алай асынган абалда табылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

«5-январда (саат 05:15 чамасында) айыпталуучу Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган жеринен табылган», — деп айтылат маалыматта.

Ал 15-декабрда УКМКнын Чүй облусундагы бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси боюнча кармалган. Октябрь райондук соту 15-январга чейин СИЗО-1де камакта калтырган. 28-декабрда психиатрдын сунушу менен айыпталуучу Абдылдаев №31 түзөтүү мекемесине которулган. Ага алдын ала «психикалык инсандыктын бузулушу, галлюцинациялар» деген диагноз коюлган.

«Айыпталуучу Абдылдаев 29-декабрда келгенден кийин, дарыгерлерге жүрөктүн маал-маалы менен оорушу, башы ооруп, чыңылдап, ашказандын оорушу (тамактан кийин), тез чарчоо сыяктуу даттануулар менен кайрылган.

Инсандын аныкталбаган психотикалык бузулушу, жүрөктүн оорусу, гипертония жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун консультациясын жана психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүнөн өтүү зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алынган», — деп айтылат маалыматта.

ЖАК анын 5-январда ашканага киргенин, кийин асынган абалда табылганын билдирди. «Алдын ала кароо учурунда денесинен тактар аныкталган эмес. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган», — дешти.