Социалдык тармактарда милиция кызматкеринин мас абалында жүргөн видеосу тараган. Аны милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери токтоткон учурда, жаңжал чыгарып, мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, качууга аракет кылган.
Ички иштер министрлиги маалымат берип, бул факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалганын билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кызматкердин кызматтык тартипти одоно бузган, ошондой эле ички иштер органдарынын аброюна шек кетирген аракеттери аныкталган. Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган кызматкер терс негиздер менен укук коргоо органдарынан кызматтан бошотулган.