«Жакшы шерик, туура жол тандайлы». Текебаевдин жаңы жылдык куттуктоосу

«Дүйнө өзгөрүп жатат, өтө тез өзгөрүп жатат». Дал ушундай сөз менен Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин жаңы жылдык куттуктоосу башталат.

«Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, ошолордун ичинде Кыргызстандын да баркы, салмагы күн сайын өсүп баратат. Мурун дүйнө бир ордолуу болсо, эми ал көп ордолуу болот. Бул геосаясий кырдаал бизге жаңы мүмкүнчүлүк берет.

Мисалы, Кыргыз-Герман соода көлөмү акыркы эки жылда жыл сайын 2-3 эсе өсүп жатат. Саясий байланыштар да жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Мындай көрүнүш Германия менен гана эмес, башка Евросоюз өлкөлөрү, АКШ, Япония, Корея, Кытай, Орусия, Индия, Түркия жана башка көптөгөн өлкөлөр менен да болуп жатат. Туугандар, бул жолу Кудай бергенди колдон чыгарбайлы. Шашалы, бирок адашпайлы. Алалы, бирок алдырбайлы, алдатпайлы. Жакшы шерик, туура жол тандайлы. Мындай учурда кыргызда «жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун» деп айтышат.

Урматтуу мекендештер, ар бирибиздин үйүбүздө, өлкөбүздө ынтымак болсун, алдыга койгон ой- максаттарыбыз аткарылсын. Баарыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!» — деп жазылат куттуктоодо.