Жактоочу: «Абакта жаткан Арстан Алай каза болду»

Бүгүн, 5-январда ЖАКтын №31 мекемесинде Арстан Алайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров жазды.

«Иш УКМК тарабынан тергелип жатса да, анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн тергөөчү №1 СИЗОго камоону өтүнгөн үчүн ушундай иш болуп жатат. СИЗОнун жетекчилигине анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир нече жолу кат жүзүндө кайрылганыма карабай ушундай болду. Эмнеге, кимдин көрсөтмөсү менен №31 колонияга которулганы бизге белгисиз. Бир сөз менен айтканда, укук коргоо органдарынын, тергөөчүлөрдүн, соттордун мыйзамсыз аракеттери адамдын өлүмүнө алып келди», — деп жазды ал. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жаза аткаруу кызматы маалымат даярдалып жатканын айтышты.

Арстан Алай 14-декабрда дайынсыз болуп, милиция тарабынан изделип жатканы маалым болгон. 15-декабрда анын УКМК тарабынан кармалганы жана «диний кастыкты козутуу» беренеси менени айыпталып жатканы айтылган. Кийин УКМК маалымат таратып, Арстан Алайды «кыздарды колдонуп жүргөн» деген. 17-декабрда бөгөт чарасы каралып, 15-январга чейин камакта калтырылган болчу. 25-декабрда социалдык тармактарда «Арстан Алай абакта каза болду» деген маалымат тарап, ЖАКтан бул маалымат жалган деп билдиришкен.