Жактоочу: «Атамбаев соттук-медициналык экспертизадан өтө элек»

Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалына экспертиза жүргүзүүчү комиссия курала элек. Бул тууралуу Сереп Медиа агенттигине жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, комиссия куралган күндө деле Атамбаевдин экспертизадан өтүшү күмөн.

«Азыр Кой-Таш боюнча, Азиз Батукаев боюнча соттук отурумдар экспертизанын корутундусу чыкканга чейин белгисиз мөөнөткө токтотулду. Бирок бүгүнкү күндө комиссия курала элек. Куралганда деле Атамбаев экспертизадан өтпөйт деген ойдомун. Анткени, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки профессору − бирөө нейрохирург, бирөө кардиолог − экөө тең Атамбаевдин ден соолугун карап, өз жеке корутундуларын №47 колониянын башкы дарыгерине жазып берген. Андан бери Атамбаевдин ден соолугу өзгөрүп кеткен жок. Биз ошол жактан корутундуларды алып, «комиссия куралганда, ошонун мүчөлөрүнө бериңиз» деп, Саламаттыкты сактоо министрлигине киргизебиз. Түзүлгөн комиссия ошого шилтеме кылып, корутунду чыгарат деген ойдомун», — деди жактоочу.

14-апрелде Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров экс-президенттин ден соолугунун абалын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындоону чечкен.