Жактоочу: «Нурлан Асанбеков ачкачылык жарыялап, 21 килограммга арыктап кетти»

Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалган Нурлан Асанбеков аттуу жаран ачкачылык жарыялап, 21 килограммга арыктап кетти. Бул тууралуу журналисттерге анын жактоочусу билдирди. Анын айтымында, ал ачкачылык акциясын токтотпойт.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги укук коргоочу Азиза Абдирасуловага кайрылганыбызда, анын 11 күндөн бери ачкачылык жарыялап, суу да ичпей жатканы маалым болду. «Азыр Бишкек шаардык сотто бөгөт чарасы каралат. Анын дарыгерлер менен келерин айтышты», — деди ал.

Буга чейин Нурлан Асанбековдун Кемпир-Абад маселесине эч кандай тиешеси жоктугу, анын экс-депутат Равшан Жээнбековдун үйүн оңдоп жүргөн уста экендиги маалымдалган.