Жактоочу: «Сот 17 жактоочунун телефонун тыңшоого уруксат бериптир»

Адвокаттар арасында Бишкектин Биринчи май райондук соту 17 жактоочунун телефонун тыңшоого санкция бергени тууралуу сөз жүрүүдө. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев соцтармактагы баракчасында билдирди. Анын айтымында, бул тууралуу кесиптештерине соттук органдын кызматкерлери айтышкан.

«Өткөн жумада жактоочулар менен жолугушуу учурунда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алып жатышканда, Кылмыш-процессуалдык кодексинен адвокаттарды тыңшоого тыюу салууну алып салуу боюнча эч кандай түзөтүүлөр болбогонун билдиришти. Башкача айтканда, алар муну техникалык ката деп сыпаттап, оңдолушу керек дешти», — дейт жактоочу.