Жактоочу: «Сот залында айыпталып жаткан адамга бензин чачып, өрттөөгө аракет кылды»

Бүгүн, 26-октябрда Биринчи Май райондук сотунда катышуучулар сот залына күйүүчү зат (бензин) алып келип, айыпкерге чачып өрттөгөнгө аракет кылышты. Бул тууралуу жактооочу Бактыбек Жумашев жазды.

«Менин маалыматым боюнча адвокат да жабыркады. «102» чакырылды. Жазык иш боюнча маалыматым жок, мен катышкан эмесмин», — деди ал.