Жактоочу: «Судья №47 абактын башкы дарыгерине ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатат»

Судья Алмазбек Атамбаевге соттук-медициналык экспертиза дайындоо демилгесин көтөрүү менен №47 колониянын башкы дарыгеринин кесипкөйлүгүнөн күмөн саноодо. Бул тууралуу мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Сереп Медиага билдирди.

Бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга экс-президент алып келинбей, судьяга №47 колониянын башкы дарыгеринин Атамбаевдин ооруп жатканы тууралуу маалымдамасы тапшырылды. Судья анын акыркы отурумдарга келбей жатканына нааразычылыгын билдирип, экс-президентке соттук-медициналык экспертиза дайындоо демилгесин көтөргөн.

Атамбаевдин жактоочусунун айтымында, мындай демилге менен судья абактын башкы дарыгерине ишенбестик көрсөтүп жатат.

«Бүгүн отурумда судья ушундай демилге көтөрдү. Муну кээ бир жактоочулар менен айыпталуучулар колдошкон жок. Мыйзамга ылайык, мындай маселелер чечилгенде бардык тараптар келиши, баарынын ою угузулушу керек болчу. Бул жерде Алмазбек Атамбаевдин, Равшан Жээнбековдун жана башка келбей калган айыпталуучулардын ою айтылбай калды.

Дагы бир учур, айыпталуучу 47-колонияда  кармалып турганда соттук отурумдар токтотулуп турушу керек. 47-колонияга ооруп жаткан айыпталуучулар жатат. Алар айыккыча өндүрүш токтотулушу керек эле, бул жерде болсо токтотулбай жатат. Экинчиден, ал жердин башкы дарыгери Алмазбек Шаршеновичтин ооруп жатканы тууралуу маалымдама жазып берип жатат. Судья болсо, ага ишенбегенсип, соттук-медициналык экспертиза дайындоо демилгесин көтөрдү», — деп билдирди жактоочу.

Соттук отурумдун акырында Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров экс-президенттин ден соолугунун абалын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындоону чечти.