Жактоочу Замир Жоошев: «Жээнбековдун экс-президент статусун алып салуу керек»

Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев 2020-жылдын 9-октябрында Ала-Тоо аянтында болгон башаламандыкты уюштурган деп таптакыр негизсиз шектелип жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда жактоочу Замир Жоошев социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

Өмүрбек Токтогулович Бабанов жана Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин маектери ЖМКда көптөн бери жарыяланып келет. Алар журналисттерге Сооронбай Жээнбеков жеке жолугушуусунда алардын ар бирине 9-октябрдагы баш аламандыкты уюштурууга катышкандыгы жөнүндө айтып берген. Башкача айтканда, аянттагы чагымчылардын жарымынан көбү Сооронбай Жээнбековдун адамдары болгон.

Буга байланышкан кылмыш ишинин алкагында күбөлөрдү дагы, Сооронбай Жээнбековдун өзүн дагы суракка алуу керек. Ошондуктан, мен кечээ Ички иштер министрлигине тергөө иш-чараларын жүргүзүү жана Башкы прокуратура аркылуу Сооронбай Жээнбековду экс-президенттик статусунан ажыратуу жол-жобосун демилгелөө жөнүндө өтүнүч келтирдим. Бул «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесине киргизилген.

Ички иштер министрлигинин кеңсесинен чыгып баратсам, С.Жээнбековдун өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу жаңылык жалпыга маалымдоо каражаттарында пайда болду. Ал кайтып келгенге чейин Ички иштер министрлиги Башкы прокуратура менен биргеликте С.Жээнбековду «экс-президент» статусунан ажыратуу боюнча иштердин жок дегенде жарымын жасайт деп ишенем»,-деп жазды Жоошев.