Жактоочусу Алымкадыр Бейшеналиевди эки күндөн бери таба албай жатканын айтып чыкты (видео)

Жактоочулар эки күндөн бери Алымкадыр Бейшеналиевди таба албай жатышат. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди. Ал белгилегендей, бүгүн УКМКнын СИЗОсуна барып, Бейшеналиев менен жолугушууга жазылган.

«Бир сааттан кийин мага Алымкадыр Бейшеналиевди бир жакка алып кетишкенин билдиришти. Мен Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө келдим, ал жерде жок болчу. Биз анын кайда экенин билбейбиз. Кечээ да тергөө бөлүмүнө жактоочулар тобу келип түшкө чейин күтүштү. Бейшеналиев имаратта болгону менен аны менен жолугушууга уруксат беришкен жок», — деди Кайсын Абакиров.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Анын үстүнөн 7 кылмыш иши козголгону маалым болгон.