Жакын арада кар жаайбы? Синоптик жооп берет

Өлкөдө жакын арада кар жаайбы, эгерде нормадан кар аз жааса, анда анын кесепети эмнеге алып келиши мүмкүн? Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын метеорологиялык болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы Асылбүбү Маткеримова коомчулукка кенен маалымат берди.

«Декабрь айынын башынан бери жаан-чачын аз жаап, абанын температурасы нормадан жогору болуп жатат. Январь айында деле абанын температурасы демейдегиден жылуу болушу, ал эми жаан-чачын нормага жакын жана аз болору күтүлүүдө. Мындай аба-ырайы өлкөдө 16-январга чейин сакталат. Бирок 17-январдан тартып аба-ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн», — деди ал.

Синоптиктин айтымында, кардын аз жаашы жаз жана жай мезгилине залакасын тийгизиши ыктымал. Тагыраагы суу аз болуп, дыйкандар жапа чегиши мүмкүн.