Жакында Нур-Султан — Бишкек авиакаттамы кайрадан уча баштайт

«Эйр Астана» авиакомпаниясы жакынкы аралыкта Нур-Султан менен Бишкектин ортосундагы каттамдарды жандандырууну пландоодо. Бул тууралуу Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин Жарандык авиация комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Казакстанда коронавирус инфекциясынын пайда болушун жана жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссия буга чейин маселени караган. Каттамдар Е190-Е2/А-320 тибиндеги учактарда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен жана авиакомпаниянын сайтында жарыяланган графикке ылайык аткарылат. Бирок түз каттам качан ачылары тууралуу так күнү айтылган жок.