«Жакындары тааныды». Түркиядагы жер титирөөдө кыргызстандык каза болду

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен Хатай шаарында Кыргызстандын жараны (аял киши) каза болгонун Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 11-февралда билдирди.

Маркумдун өздүгү жакындары тарабынан аныкталган. Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү жеринде болуп, документтерди даярдоого жана маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүүгө көмөктөшүүдө.