Жакынкы 3 күндө абанын температурасы акырындык менен жогорулайт

ӨКМге караштуу Кыргызгидрометеорология кызматынын адистеринин айтымында, жакынкы 3 күндө абанын температурасы акырындык менен жогорулайт.

Тактап айтканда, түнкүсүн -14⁰ , -19⁰, күндүзү -0⁰, -5⁰ суук болот. Ал эми 18-декабрдан баштап күндүн температурасы күндүзү 0 градустан жогору болушу күтүлүүдө. Жалпысынан декабрь айында аба ырайы норманын чегинде болорун адистер белгилешет.

Баарыбызга белгилүү болгондой, өлкөдө акыркы күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөдү.

Борбор калаабызда 13-декабрга караган түнү -23,5 ⁰ суук катталды. Кыргызстан баюнча эң төмөнкү көрсөткүч Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер метеостанциясында -33⁰ жана Талас облусуннун Бакай-Ата районунда жайгашкан Кызыл-Адыр метеостанциясында -31⁰ди көрсөткөн.