Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, министрлик Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Арабия Падышалыгы, Бириккен Араб Эмираттары, Оман Султанаты менен кыргыз жарандар үчүн эвакуациялоо каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
Министрлик маселени тынымсыз көзөмөлдө кармоодо жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө кошумча маалымат берет.
Ошондой эле министрлик чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн жарандарга этият болууну, эл көп чогулган жерлерден жана кооптуу аймактардан оолак болууну, жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарын так сактоону, өздүгүн тастыктаган документтерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш маалыматтарын дайыма жанында алып жүрүүнү, ошондой эле расмий билдирүүлөрдү көзөмөлдөөнү сунуштайт.