Жакынкы күндөрү чет өлкөлүк номурлуу унааларга ири рейд жүрөт

Жакынкы күндөрү чет өлкөлүк номурлуу унааларды аныктоого багытталган ири рейддер пландалып жатканын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов 3-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейинки рейддерде 1000ден ашуун чет элдик номурлуу унаалар аныкталган.

«Бул унаалар камакка алынып, кайтарылбаса утилизацияланат», — деп белгиледи Жакыпов.

Ал эске салгандай, буга чейин президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыккан. Ага ылайык, өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдик номурлуу унаалардын ээлери 1-октябрга чейин он облустун биринен Кыргызстандын номурларын алышы керек болчу. Болбосо бул унаалар экспортко чыгарылып, тетиктер үчүн демонтаждалып же утилдештирилиши керек.

Кошумчалай кетсек, сөз 2024-жылдын 31-декабрына чейин өлкө аймагына киргизилген унаалар жөнүндө болуп жатат.