Жакынкы күндөрү Кайгуул кызматы масштабдуу рейд өткөрөт

Акыркы учурларда адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыктары көп катталып, көптөгөн жарандар ар кандай жаракаттарды алууда.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, 2021-жылы 6 айдын ичинде Бишкек шаарынын аймагында 1291 жол-транспорт кырсыктары катталып, 1643 жаран жабыркаган. Жол-кырсыктардын себептери айдоочулардын жол эрежелерин толук кандуу сактабагандыгында болууда.

Ошондон улам Бишкек ШИИББдин кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарынын ичинде коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана мас айдоочуларды аныктоо, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу багытында жакынкы күндөрү масштабдуу рейддик иш-чара өткөрөрүн эскертет.

Андыктан бардык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо менен айдоочуга жана унаага керектүү документтерди өзү менен чогуу алып жүрүү зарыл.