Кыргызстанда жакынкы күндөрү абанын температурасы дагы жогорулайт.
Синоптиктердин айтымында, абанын температурасынын 4-5 градуска жогорулашы күтүлүүдө. 16-июлда Бишкекте +37, Таласта +36, Нарын менен Ысык-Көлдө +30, өлкөнүн түштүк аймагында +38 градус ысык болору күтүлүүдө. 16-июлга чейин жамгыр жаабайт.